Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 19-июль күнү Көлмө медресесинин ардактуу устазы, маркум Касымалы ажы Эсеналиевдин үй-бүлөсүнө үй тапшыруу аземи уюштурулду. Иш-чарага Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров, орун басары Талант ажы Темирбаев, Бишкек шаарынын мусулмандарынын казысы Шакир ажы Маматов, Ырысбай ажы Ахунбаев баштаган медресенин жамааты жана маркумдун балдары катышты.
Саамалык алгач Куран окуп, сообу маркумга багыштоо менен башталды.
Аземде Азирети Муфтий үй курууга салым кошкон медресе жамаатына, дос-жарына ыраазычылык билдирип, үйдүн ачкычын маркумдун улуу баласы Айдарга тапшырды.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын Рамазан айында Көлмө медресесинин окутуучусу Касымалы ажы оорудан улам каза болгон. Маркумдун артында 6 уул калган. Балдарынын улуусу ата жолун жолдоп, аталган медреседе илим алууга киришсе, кенжеси үч жашта. Ыраматылык устаздын үй-бүлөсү ушул кезге чейин батирде жашап келген.
Касымалы ажы Эсеналиев тууралуу:
Касымалы устаз 1979-жылдын 27-июлунда Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылында жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктаган соң, маркум Азирети муфтий Абдусаттар ажынын колунда, андан соң устаз Молдо Ахун дамланын астында илим алган. 1999-жылы Пакистан мамлекетинин Жамия Арабия Райванд университетине өтүп, ал жерден 2007-жылы илимин аяктап, Кыргызстанга кайтып келген.
2007-жылы Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы мечиттердин биринде имам болуп эмгектенген. 2008-2011-жылдары Ысык-Ата районундагы Семёновка айылында сабак берип, жаштарга илим, адеп-ахлак үйрөткөн. 2012-жылы Бишкек шаарынын 1-май районунда жайгашкан Көлмө медресесине келип, мында бир нече жыл устаздык кылып, миңдеген шакирттерди тарбиялаган.