Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 24.05.2025
  • |

Мединадагы кыргызстандык ажылар үчүн атайын медпункт иштей баштады

Ыйык Медина шаарында Кыргызстандык ажылар үчүн атайын уюштурулган медпункт ишин баштады. Бүгүнкү күндө бул жерде 6 тажрыйбалуу дарыгер эмгектенип, ажылардын ден соолугуна үзгүлтүксүз көзөмөл жүргүзүшүүдө.

Бүгүн,  24-майда Мединадагы ажылыкты уюштуруу штабынын кызматкерлери медпункттагы дары-дармектердин камсыздалышы жана дарыгерлердин иш тартиби боюнча атайын жыйын өткөрүштү. Жыйында ажылардын саламаттыгын сактоо максатында жүргүзүлүп жаткан аракеттер талкууга алынып, медициналык тейлөөнүн сапатын жогорулатуу боюнча сунуштар айтылды.

Дарыгер Каныбек Амираевдин айтымында, учурда ажылардын жалпы абалы жакшы экендигин билдирди.
“Ажыларыбыздын ден соолуктары жакшы. Медпунктта гана эмес, мейманканалардагы бөлмөлөрдө да кабыл алып жатабыз. Жарандарга күндүн ысыгында суу көп ичүүнү жана көлөкө жерде болууга аракет кылууну сунуштап жатабыз. Анткени ысыкта кан басым көтөрүлүп кетүү коркунучу жогору. Бул тууралуу түшүндүрүү иштерин жатаканаларда да жүргүзүүгө аракет кылуудабыз”, — деди ал.

Ал эми ажылыкты уюштуруу штабынын жооптуу кызматкери Жоробай ажы Шергазиев ажылык башталганга чейин да ажылардын ден соолугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.

 “Дал ушул учурда — ажылык расмий баштала элек убакта — ар бир аажынын ден соолугун сактоо маанилүү. Мейманканаларда болочок ажылар менен алдын ала жолугушууларды өткөрүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү милдеттүү”, — деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарында кыргызстандык зыяратчылардын саламаттыгына көз салуу үчүн атайын КР саламаттык сактоо министрлиги тарабынан атайын дарыгердердин тобу бөлүнүп берилген.