"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Азирети Муфтийдин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган муфтият делегациясы кыргызстандык ажыларды тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча келишим түзүлгөн фирманын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Анда тамак-аштын сапаты, санитардык-гигиеналык талаптар, күнүмдүк тамактануу графиги, жеткирүү тартиби жана ажылардын ден соолугуна ылайык рацион түзүү маселелери кеңири талкууланды.
Кыргыз делегациясы ошондой эле Мекке шаарындагы «Асия вусто» Вакф өкүлдөрү менен жолугуп, ажылардын визасын чыгарууда зарыл болгон документтерди тездетүү жана ага тиешелүү болгон иштерди талкуулашты.