Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 15.08.2025
  • |

Мина жана Арафаттагы кызматтар боюнча эл аралык онлайн жыйын өттү

Сауд Араб Падышалыгынын (САП) демилгеси менен Мина жана Арафат аймактарындагы ажылык чатырларын электрондук платформа аркылуу ээлөө жана каттоо механизмдерине арналган эл аралык онлайн жыйын болуп өттү.

Иш-чара САПтын Ажылык жана умра министрлигинин ыйык өрөөндөрдөгү чатырларга жооптуу кызматкерлери Мустафа аль Гомрий жана Абдулла аль Ивадинин жетектөөсүндө уюштурулуп, "Нусук Масар" платформасынын алкагында чатырларды бөлүштүрүү жана сатып алуу жол-жоболору тууралуу кеңири маалымат берилди.

Онлайн форматта өткөн жыйынга дүйнөнүн 140 мамлекетинен ажылык иштерин уюштуруучу штабдардын өкүлдөрү катышып, 2026-жылдагы ажылыкка карата даярдыктар боюнча зарыл маалыматтар берилди.

Кыргызстан тараптан жыйынга 2025-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев, ажылык бөлүмүнүн кызматкерлери Давран ажы Жунусалиев жана Хамидулла ажы Садиллаев катышты.

Жыйын соңунда министрлик өкүлдөрү ар бир өлкөнүн штабдарына өз учуру келгенде дагы кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн белгилешти.