Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Коом | 16.12.2025
  • |

Москвада «Деглобалдашуу доорунда тынчтык жана ишеним» аттуу XXI эл аралык мусулмандар форуму өттү

Орусиянын Москва шаарында «Деглобалдашуу доорунда тынчтык жана ишеним: заманбап чакырыктарга исламдык көз караш» деген темада XXI эл аралык мусулмандар форуму болуп өттү. Форум пайгамбар Мухаммаддын (саллаллаху алейхи ва саллам) хижрий жыл эсептөөсү боюнча туулганына 1500 жыл, ошондой эле Имам ат-Тирмизинин туулганына 1200 жыл толушуна арналды.

Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров доклад окуган эл аралык салмактуу иш-чарага дүйнөнүн 20дан ашуун өлкөсүнөн диний жана саясий ишмерлер катышты. Алардын катарында Россия мусулмандарынын диний лидери, башкы муфтий шейх Равиль Гайнутдин, Татарстан Республикасынын Раиси Рустам Минниханов, Россия Федерациясынын, КМШ өлкөлөрүнүн, Жакынкы Чыгыштын, Европа жана Азиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, диний лидерлери, окумуштуулары, эксперттери, илимий жана билим берүү чөйрөсүндөгү көрүнүктүү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, Орусиядагы салттуу диндердин өкүлдөрү, илимий-билим берүү мекемелеринин жетекчилери жана маданият ишмерлери болду.

Куран окуу менен башталган форумда коноктор алгач Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына арналган «Мекенди коргогон мусулмандар» аттуу бир күндүк көргөзмө менен таанышты. 

Орусия муфтийи Равиль Гайнутдин өз сөзүнүн башында Россия мусулмандарынын интеллектуалдык жана маданий мурасы бүгүнкү күндө бүткүл ислам дүйнөсүндө жогору бааланып жатканын белгиледи. Муфтий цивилизациялар кылымдар бою бири-бири менен байланышып, тажрыйба, билим жана технология алмашып келгенин белгилеп, мындай кызматташтык жалпы баалуулуктарга таянганда гана мүмкүн экенин айтты. Бул – Жаратканга жана өз элине кызмат кылуу, үй-бүлө, жаш муунду тарбиялоо жана тарыхый мураска аяр мамиле жасоо сыяктуу баалуулуктар экенин билдирди.

Ал эми Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров өз баяндамасында: «Деглобализация доорунда ислам дүйнөсүнүн негизги милдеттеринин бири — тынчтыкты сактоо, элдердин ортосунда ишенимди бекемдөө жана салттуу руханий баалуулуктарды билимге, акылмандыкка жана орточулукка таянып жайылтуу болуп саналат. Кыргызстан мусулмандары бул принциптерге туруктуу карманып, конфессиялар аралык жана маданияттар аралык диалогду өнүктүрүүгө өз салымын кошууга даяр», – деди.

Айта кетсек, аталган форум Россия Федерациясынын мусулмандарынын Дин башкармалыгы, Эл аралык мусулман форуму жана Москва ислам институту тарабынан уюштурулду. Ага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасынын орун басары Манас Муратбеков жана мекеменин бөлүм башчысы Айбек Иминов катышты. XXI Эл аралык мусулман форуму учурдун актуалдуу маселелерин талкуулоого багытталган абройлуу эл аралык аянтча болуп саналат.