Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 20-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкерлери ишембиликке чыгып, мекеменин ичи-сыртын тазалап, короосун жана башкармалыкка жакын көчөлөрдү таштандыдан арылтышты. Ошондой эле мекеме бакчасындагы көчөттөрдүн түбү жумшартылып, арыктар жаңыланды.
Бул иш-чара 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүүнүн жана Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепцияларынын алкагындагы «Тазалык менден башталат» урааны алкагында өттү. Иш-чаранын негизги максаты коомду тазалыкка үндөө жана экологияны сактоо болуп эсептелет.
Айта кетсек, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасына ылайык, бүгүн КМДБга таандык түзүмдөрдө жана диний объектилерде, алардын территорияларында массалык ишембиликтер өттү.