Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 12-сентябрь күнү Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтийи Ноорузбай ажы Таган уулу жана Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш баштаган түрк дүйнөсүнүн аалымдары Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын зыярат кылышып, мекеме менен таанышып чыгышты. Коллегаларын жылуу кабыл алган Кыргызстан мусулмандарынынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров кыргыз диний башкармалыгы тууралуу маалымат берип, муфтияттын тарыхына токтолду.
Ал ошондой эле өзүнө таандык коомдогу ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган 5 жылдык стратегиялык иш-мерчеми тууралуу учкай токтолуп, анын алкагында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берип өттү.
Айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында КР ПРезиденти Садыр Жапаровдун колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI саммити өткөрүлдү.