Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 06.10.2025
  • |

Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган спорттук мелдеш өткөрүлдү

Кечээ, 5-октябрь күнү «Мусахан Төрө» жана «Таштан ажы» медресеси тарабынан мурдагы муфтий, маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган кезектеги диний мекемелер аралык спорттук мелдеш уюштурулду. Иш-чараны Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев ачып, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Диний чөйрөдөгү чоңдор жана студенттер аралык мелдеш кызуу өтүп, достук, бир туугандык даңазаланды.

Чоңдор аралык мелдештин жыйынтыгы:

Воллейбол:
1-орун – «Хазрети Осман» ислам институту
2-орун – КМДБ
3-орун – И.Арабаев атындагы КМУнун дин таануу институту
4-орун – КИУ

Футбол:
1-орун – Марва ТВ 
2-орун – КИУ фонду
3-орун – «Куран академиясы» медресеси 
4-орун – «Ибн Халдун» ислам институту

Студенттер аралык мелдештин жыйынтыгы:

Футбол:
1-орун – «Расул Акрам» ислам институту
2-орун – «Кутайба ибн Муслим» медресеси
3-орун – «Абдулло Ибн Масъуд» медресеси
4-орун – «Арчалы»

Волейбол:
1-орун – «Кутайба ибн Муслим» медресеси
2-орун – Көлмө медресеси
3-орун – «Абдулла бин Масъуд» медресеси