Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Нарын облустук мусулмандарынын казыятында Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун, ошондой эле Нарын шаарынын имамдары үчүн ислам банкинги боюнча окуу курсу өткөрүлдү. Окутууга Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу, «МБанк» ислам терезесинин жетекчиси Эдил Айдаров жана аталган банктагы шарият кеңешинин мүчөсү Тажуддин ажы Эшанкулов катышып, тиешелүү темалар боюнча баяндама жасашты.
Алгач Бактияр Токтогазиев радикализмдин алдын алуу жана Ханафи мазхабы менен Матуриди акыйдасын бекемдөө боюнча кеңири баяндама жасаса, андан кийин Тажуддин ажы Эшанкулов финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жана соода-сатык маселелери боюнча лекция окуду.
Саамалыктын жүрүшүндө Эдил Айдаров «МБанк» тиркемеси аркылуу каражаттарды кантип адал жана туура пайдаланууга боло тургандыгы тууралуу кеңири маалымат берди.
Баяндамалардан соң суроо-жооп уюштурулду.
Жыйын Нарын шаарындагы “Азирети Али” мечитинде уюштурулуп, окутуу түшкө чейин Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунун имамдарына өткөрүлсө, түштөн кийин Жумгал жана Кочкор райондорунун имамдары үчүн Кочкор районунда уланды.