Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 17.10.2025
  • |

Ош: Казылар түркиялык илимпоздорду кабыл алды

Бүгүн, 17-октябрь күнү Түркиянын Йылдырым Баязид жана Анкара мамлекеттик университетинен келген 30 га чукул түрк илимпоздору Ош шаардык мусулмандарынын казыятын кабыл алып, казынын (өкүлдүн) кабыл алуусунда болду.

Шаар казысы Самидин кары Атабаев казыяттын структурасы жана КМДБнын учурда аткарып жаткан эмгектери, Азирети Муфтийдин 40 кадамдан турган 5 жылдык программасы боюнча кенен маалыматтарды берип, калаадагы мечит жана медреселердин коомго кошкон салымдарына токтолду.

Ошондой эле шаар казысы конокторго КМДБ жана Түркия Диянет фонду тарабынан даярдалган кыргыз тилиндеги эмгектерди жана улуттук көөнө аксессуарларды белек кылды.

Андан соң Ош облусунун мусулмандарынын казысы (өкүл) Султанали ажы Гапуров да Түркиядан келген мейман илимпоздор тобун кабыл алды. Облус казысы Түркиядан келген илимпоздорго бир туугандык мамиле катары чакан белектерин берип, эки өлкөнүн достугу бекем болуп, жакшылык иштер боло беришине тилектештигин билдирди. 

"Өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук мамилелери ар дайым бекем болсун. Анткени биздин тилибиз, динибиз, каныбыз бир элбиз. Түркия муфтиятынын колдоосу менен көптөгөн кыргыз студенттер окуп, компетенттүү диний адис болуп чыгууда", – деди облус казысы Султанали ажы Гапуров өз сөзүндө.

Ал эми илимпоздор тобунун өкүлү: "Бардык адамдардын каны кызыл түстө, бирок кызыл кандын көрүнүшү окшош болсо да, бири-бирине дал келе бербейт. Биздин каныбыз сиздердин каныңыздар менен бир", – деп боордоштукту илимий жана генетикалык жактан ырастап өттү.

Аайта кетсек, аталган илимпоздор тобу Ошто өткөрүлгөн эл аралык Сарахсий симпозиуму жана Караханиддер доору боюнча өткөн симпозиумдарда баяндама жасоо үчүн күнөстүү Кыргызстанга келишкен.