Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 06.08.2025
  • |

Ош облусундагы дин кызматкерлерине Ислам банкинг боюнча семинар өткөрүлдү

Бүгүн, 6-август күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, "Айыл Банк" ААКсынын Ислам терезеси менен биргеликте Ош шаарындагы "Sun Rise" мейманканасынын жыйындар залында Ош облусундагы дин кызматкерлерине "Ислам банкинг, соода-сатык мамилелери, Ханафи мазхабы, нике журналы, фатва бөлүмүнүн алдындагы коол-центр менен байланышты күчөтүү тууралуу семинар өткөрүштү.

Аталган семинарга Ош облустук казыятынын кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер, облус аймагындагы жалпы айыл өкмөттөрдүн жооптуу имам-хатибдери катышты.

Семинарда фатва бөлүмүнүн башчысы, Айыл банктын Ислам терезесинин шарияттык кеңешинин төрагасы Жоробай ажы Шергазиев жана шарияттык кеңештин мүчөлөрү Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Жумадыл Акматжан жана Ислам терезесинин директору Санжар Бапа уулу баяндама жасашты. Ошондой эле муробаха, музараба жана башка продуктылар боюнча презентациялар жасалды.

Жоробай ажы Шергазыев элдин динибизге жана шариятка байланыштуу суроолорго жооп берип туруу үчүн КМДБ тарабынан атайын call-центр иштеп жаткандыгын айтып, имамдарга элден келген суроолорго жооп берүү кыйын болгон учурда call-центрге байланышуу керектигин жана никени каттоо журналынын учурдагы пайдаларын баса белгилеп өттү. Ошону менен бирге Ислам банкинг боюнча учурда жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгын билдирди.

Семинардын жыйынтыгында катышуучуларга сертификаттар тапшырылды.