"Жамаат менен окулган намаз жеке окулган намаздан 27 даража артык". (Бухари, №645; Муслим, №650)
Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин алдындагы Текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов жана КМДБнын кассир-бухгалтери Султанбек ажы Момунов Ош облусуна иш сапары менен барып, облустагы өкүлчүлүк кызматкерлеринин милдетин аткаруучулар менен райондун баш имам-хатибдеринин милдетин аткаруучуларга жыйын өткөрдү.
Аталган жыйында Бакыт ажы Нурдинов Рамазан айында берилүүчү садака-фитрди чогултуу ыкмалары боюнча токтолуп, заман талабына ылайык QR-код аркылуу чогултууга катуу көңүл буруу керектиги, ошону менен бирге мурдагыдай эле мечиттердеги кутучалар аркылуу чогултуу иштеринде жоопкерчиликтүү болууга чакырды.
Ал эми КМДБнын бухгалтер-кассири Султанбек ажы Момунов мечиттердеги садака кутучаларына мөөр басуу жана ачуу, акт түзүү жараяндары боюнча түшүндүрмө берип өттү.
Ушундай эле жыйын Ош шаарындагы «Имам ал Бухарий-Алай» атындагы борбордук мечитте да уланып, QR-код, «Финик» тиркемеси, мечиттердин инвентаризациясы, фитр-садаканы өз убагында тапшыруу жана көзөмөл камералары боюнча тапшырмалар берилди.