Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 07.07.2025
  • |

Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы ДОЖдордон кабар алынды

Үстүбүздөгү жылдын июль айынын алгачкы жумалыгында Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана КМДБнын референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар ажы Хаджибеков Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарына иш сапары менен барып, аймактардагы ДОЖдордун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышышты. Региондордогу диний окуу жайларынан кабар алуу жана текшерүү максатындагы өткөн зыяраттарга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин аймактардагы өкүлдөрү, аймактык казыяттардын окуу боюнча адистери жана район-шаарлардын баш имам-хатибдери катышты.

Текшерүү учурунда диний окуу жайларындагы билим берүү процесси, окутуучулардын квалификациясы, окуу программалары, санитардык-гигиеналык жалпы абал жана ички тартип маселелери каралды.

Ошондой эле медреселерде мамлекеттик жана диний талаптардын сакталышы, жаштарга адеп-ахлактык тарбия берүү маселеси өзгөчө көңүл борборунда болду.

Самаган ажы Мырзаибраимов билим берүү тармагын КМДБ тарабынан көрсөтүлгөн талаптарга ылайык иш алып баруу боюнча тапшырмаларды берип жатып, билим сапатын жогорулатуу, окутуучулардын кесипкөйлүгүн арттыруу жана тартипти бекем сактоо дин кызматкерлери үчүн артыкчылыктуу милдет экенин белгиледи.

Айта кетсек, аталган иш-чаралар Азирети Муфтийдин тапшырмасынын алкагында ишке ашууда.