«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Коом | 18.02.2026
  • |

Рамазан айындагы садака-фитирдин өлчөмү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы билдирет:

Садака-фитирди берүү белгиленген өлчөмдө ар бир колунда бар (нисаб өлчөмүнө ээ) мусулман үчүн важиб болуп саналат. Азирети Умар (р.а.) риваят кылган хадисте Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Садака-фитирди чоң-кичине, аял-эркек экендигине карабастан ар бир жан үчүн берүү керек», деп бекиткен.

КМДБ 2026-жыл (хижрий 1447-жыл) үчүн садака-фитирдин төмөнкүдөй өлчөмдөрүн жана тартибин бекитти:

1. Садака-фитир ар бир жан башына буудай, ун жана мейизден 1 кг 600 грамм, ал эми арпа жана курмадан 3 кг 200 грамм же алардын акчалай баасынын өлчөмүндө берилет. Жергиликтүү базарлардагы баалардын негизинде, садака-фитирдин баасы төмөнкүдөй бекитилди:

Азыктын түрү Өлчөмү Баасы (орточо) Жалпы (садака-фитирдин баасы)
Буудай 1,6 кг 37,5 сом 60 сом
Ун 1,6 кг 56,25 сом 90 сом
Мейиз 1,6 кг 550 сом 880 сом
Арпа 3,2 кг 31,25 сом 100 сом
Курма 3,2 кг 375 сом 1200 сом

2. Садака-фитир берүүчү адам жогоруда көрсөтүлгөн баалардын кайсынысынан чыгарса, өз ыктыяры. Бей-бечара муктаждардын пайдасы үчүн баасы кымбатыраак азыктардан чыгаруусу абзел.

Эскертүү: Баалардын туруксуздугуна байланыштуу, садака-фитирди берген учурда буудай, ун жана мейиздин 1,6 кг, ал эми арпа жана курманын 3,2 кг баасына көңүл бурууңуздарды эскертебиз.