Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 29-октябрь күнү ордо калаадагы башкы «Имам Сарахсий» мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын уюштуруусу, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчилиги жана САПтын Ислам иштери, даават жана насаат министрлигинин демилгеси менен өтүп жаткан III республикалык Куран жарыш жыйынтыкталды.
Салтанаттуу аземге Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, КМАК төрагасы Замир кары Ракиев, Сауд Араб Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрахим бин Аль-Ради, САПтын Ислам иштери боюнча министринин өкүлү Абдурахман бин Фахд Аль-Абдулкарим, дин кызматкерлери, карылар, конкурсанттар жана калаа тургундары катышты.
Улан-кыздар 30, 15 жана 5 пара жатка билүү боюнча таймашкан конкурстун негизги бөлүгүндө Сауд Араб Падышалыгынын Ислам иштери, даават жана үгүт-насаат боюнча министри, шейх, доктор Абдуллатиф бин Абдулазиздин аралыктан куттук сөзү айтылып, өлкө жетекчилигине ыраазычылык билдирилди.
III республикалык Куран жарышынын жыйынтыгы:
30 пара боюнча жеңүүчү кыз-келиндер:
1-орун Лойикова Мухсина Бишкек шаары
2-орун Кудратова Амина Чүй облусу
3-орун Артыкова Умида Ош шаары
15 пара боюнча жеңүүчү кыз-келиндер:
1-орун Дандазова Лейла Чүй облусу
2-орун Мураталы кызы Насиба Жалал-Абад облусу
3-орун Тагдырбек кызы Мырзайым Ысык-Көл облусу
5 пара боюнча жеңүүчү кыз-келиндер:
1-орун Ахмедова Раяна Ош облусу
2-орун Умарова Ухристон Икрамидиновна Ысык-Көл облусу
3-орун Газаева Айша Чүй облусу
Мырзалар боюнча:
30 пара боюнча жеңүүчү карылар:
1-орун Мирбеков Мухаммад Талас облусу
2-орун Умаров Фирдавс Бишкек шаары
3-орун Махамаджанов Мухаммадиер Ош шаары
15 пара боюнча жеңүүчү карылар:
1-орун Мирбеков Муса Бишкек шаары
2-орун Козуев Абдусами Ош облусу
3-орун Джурабаев Абдурахман Ош шаары
5 пара боюнча жеңүүчү кары балдар:
1-орун Назаров Бахавиддин Абдувохид Угли Ысык-Көл облусу
2-орун Якубов Абдулбори Ош облусу
3-орун Мелову Алим Чүй облусу