«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Коом | 12.02.2026
  • |

Ротация: Муратали кары Мамадияр уулу Азирети Муфтийдин Баткендеги өкүлү болуп дайындалды

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын кызматкери Муратали кары Мамадияр уулу ротациялык жол менен муфтийдин Баткен облусундагы өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду. Жаңы дайындалган өкүлдү Азирети Муфтийдин орун басары Шүкүр ажы Исмаилов жамаатка тааныштырып, иштерине ийгилик каалады. 

Белгилей кетсек, мурдагы өкүлдүн м.а. Нуридин ажы Мамасабиров ротациялык жол менен КМДБ жетекчисинин Нарындагы өкүлү болуп дайындалган. Бул дайындоолор Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында жүргүзүлүп жаткан реформалардын алкагында ишке ашып, диний тармактагы башкарууну өркүндөтүү, аймактардагы диний ишмердүүлүктү жандандыруу жана тажрыйбалуу кадрларды жооптуу кызмат орундарына тартуу максатында жүргүзүлүүдө.

Муратали кары Мамадияр уулу тууралуу маалымат:
•    Туулган күнү: 17-май, 1991-жыл
•    Туулган жери: Ош облусу, Ноокат району, Ынтымак айылы
•    Үй-бүлөлүк абалы: Үй-бүлөлүү, төрт баланын атасы

Билими: 
•    2006–2009-жж. «Азирети Али» жаттоо медресеси;
•    2011–2018-жж. Кыргыз Ислам университети, шарият факультети
•    2013-ж. Түрк тили боюнча атайын курс
•    2016–2018-жж. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, теология багыты, бакалавр даражасы
•    2016-ж. Араб тили боюнча тил курсу (Каир шаары, Египет)
•    2018–2020-жж. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, теология багыты, магистр даражасы

Эмгек тажрыйбасы:
•    2018-2019-ж.ж. Жеке окуу жайлардын биринде араб тили жана Куран мугалими;
•    2019-2023-жж. Бишкек шаарындагы «7-Апрель шейиттери» атындагы мечиттин имамы;
•    2024-2025-жж. Ош шаарындагы «Ача-Мазар» жума мечитинин имам-хатиби;
•    2024-2025-жж. Ош шаарынын казысынын биринчи орун басары;
•    2025-жылдын октябрь айынан тарта Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында (КМДБ) аймактык өкүлдөр, хатибияттар, мечиттер жана имамдар менен иш алып баруу, ошондой эле курулуш боюнча бөлүмдүн адиси.

Кошумча маалымат: 
•    Куранды толук жат билет (хафиз);
•    Кыргыз, орус, араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.