Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан уюштурулган жумушчу сапардын алкагында Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, КМДБнын референт жана жалпы бөлүм башчысы Абдиназар Хаджибеков жана казыят кызматкерлери Баткен облусундагы диний окуу жайлардын учурдагы абалы, билим берүүдөгү сапат жана шарттар менен жеринен таанышып чыгышты.
Бул иш сапар Кызыл-Кыя шаарынан башталып, Сүлүктү шаарынан аяктады. Сапардын негизги максаты диний окуу жайлардын билим берүү процесси, студенттерге түзүлгөн шарттар, материалдык-техникалык база жана тартип маселелерин талдап, учурдагы көйгөйлөрдү аныктап, аларга чечимдерди сунуштоо болуп саналат.
Самаган ажы Мырзаибраимов баштаган делегация диний окуу жайларда сабак өтүү процессине, мугалимдердин квалификациясына, окуу программаларына жана окуу куралдарынын жеткиликтүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурушту.
Кээ бир мекемелерде тазалык жана санитардык шарттар боюнча эскертүүлөр айтылып, тиешелүү жетекчилерге бул маселелерди тез арада чечүү тапшырмасы берилди. Ал эми жакшы уюштурулган жана үлгү боло турган окуу жайларга ыраазычылык билдирилип, алардын тажрыйбасын башка жайларга жайылтуу сунушталды.
Сапардын жүрүшүндө делегация жаңыдан курулуп жаткан диний окуу корпустары менен да таанышып, курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көрүп чыгышты. Имараттардын долбоорлору, курулуштун сапаты жана келечектеги пайдалануу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышуу болду.
Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов диний окуу жайлардын сапатын арттыруу, бирдиктүү жолго салуу жана алардын мыйзамдуу негизде иш алып барышын камсыз кылуу максатында Кыргызстан боюнча текшерүү сапары болорун билдирди.
Эскерте кетсек, Баткен облусунун аймагында учурда жалпы 19 диний окуу жай эсептик каттоодон өткөн. Алардын ичинен 18 окуу жай бүгүнкү күндө активдүү ишмердүүлүгүн жүргүзөт.