«Ким Аллахтан корксо жана сабыр кылса, албетте Аллах жакшы иштерди жасагандардын эмгегин текке кетирбейт» (Юсуф, 90).
Коом | 11.11.2025
  • |

Саудия: Азирети Муфтий Мавераннахр комиссиясы менен кызматташуу меморандумуна кол койду

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Мавераннахр өлкөлөрүнүн Вакфтарын көзөмөлдөөчүлөрүнүн координациялык комиссиясы менен өз ара кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Документ 2026-жылдагы ажылык сезонуна даярдык көрүү алкагында түзүлдү.

Меморандумга ылайык, Мавераннахр комиссиясы Кыргызстандан бара турган 6060 ажынын ичинен 1760ына Мекке шаарында акысыз мейманкана менен камсыздоого даяр экенин билдирди. Калган 4300 ажыга да бекер мейманкана берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатында жакын арада Орто Азия өлкөлөрүнүн жана Түркстан Вакфтарын көзөмөлдөөчүлөрүнүн координациялык комиссиясы менен кошумча жолугушуулар өткөрүлмөкчү.

Эске салсак, кыргызстандык ажылар үчүн Мекке шаарында атайын бекер Вакф мейманканалары бар. Бул мейманканалар Мавераннахр (Орто Азия) өлкөлөрүнүн, ошондой эле Түркстан аймагынын Вакфтарын көзөмөлдөөчү комиссиялардын карамагында турат.