Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эки умра – ортосундагы нерселерге каффарат, ал эми кабыл болгон ажылыктын Бейиштен башка сообу жок» (хадис)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары болуп Шүкүр ажы Исмаилов дайындалды. Тиешелүү буйрукка Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров кол койду.
Шүкүр ажы тууралуу маалымат:
Аты-жөнү: Исмаилов Шукур Арипидинович
Туулган датасы: 03.08.1973.
Туулган жери: Ош облусу, Чоң-Алай району, Дароот-Коргон айылы
Улуту: Кыргыз
Жарандыгы: КР
Билими: жогорку
Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, юриспруденция
Аспирантура: Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Ата Мекен тарыхы – Кыргызстандагы ислам тарыхы
Магистратура: И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекет университети, Филологиялык билим берүү – араб тили
Докторантура (PhD): Кыргызстан эл аралык университети, юриспруденция – ислам укугу
Диний билими: Кара-Балтадагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институту, шарият; Восточное айылындагы Аннамузажийя медресеси, араб филологиясы
Окумуштуулук даражасы:
Даражасы (PhD): юридика илимдери боюнча философия доктору
Илимдердин тармагы: Укуктун жана мамлекеттин теориясы жана тарыхы; укук жана мамлекет боюнча окуулардын тарыхы. Эл аралык укук – Ислам укугу; европалык укук
Адистиктин шифры: (илимий кызматкерлердин номенклатурасына ылайык): 12.00.01; 12.00.10
Даража (К): тарых илимдеринин кандидаты
Илимдердин тармагы: Ата Мекен тарыхы – Кыргызстандагы ислам тарыхы
Адистиктин шифры: (илимий кызматкерлердин номенклатурасына ылайык): 07.00.02
Устаздары:
Ысмайыл калпа (Чоң-Алай).
Молдо Раимкул (Чоң-Алай).
Молдо Касым ажы (Чоң-Алай).
Молдо Камил ажы Жапаров (Чоң-Алай).
Молдо Калилидин ажы Исаков (Кара-Балта).
Устаз Абдулмуталиб ажы (Сокулук, Восточное айылы).
Башкаруу тажрыйбасы:
1. Хазрети Осмон атындагы Кара-Балта Ислам институтунун каржы иштери боюнча орун басары.
2. Кыргызстан Ислам Университетинин теология жана жаратылыш таануу жана гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы.
3. Кыргызстан Ислам Университетинин Гуманитардык факультетинин деканы.
4. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология бөлүмүнүн окуу бөлүм башчысы.
5. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы илимий-изилдөө институтунун директору.
6. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы.