Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 24-май күнү борбор калаадагы Башкы «Имам Сарахсий» мечитинде И.Арабаев атындагы КМУнун теология факультети тарабынан теология факультеттеринин студенттери арасында Куран окуу жана азан айтуу жарыштары өткөрүлдү. КМУнун 80 жылдыгына карата «Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар» аттуу студенттик илимий конференциянын алкагында өтүп жаткан Куран жана азан жарыштарында Анарбай кары Курбанбеков (төрага), Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин окутуучусу Айтмырза Сатыбалдиев, окутуучу Али Имран Жошкун, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология факультетинин окутуучусу Могамедхабиб Будунов, окутуучу Нурболсун кары Адышовдор калыстык кылышты.
Куран саамалыгына КМУ теология факультетинин деканы (PhD), доценттин м.а. Шамралиев Нурбек Болотович старт берип жатып, буларга токтолду:
«Биз үчүн теология факультеттери аралык Куран жана азан жарыштарын өткөрүүнүн мааниси зор. Конкурстун максаты студенттерди Куран окууга, түшүнүүгө, жаттоого жана Куранды жашоого кызыктыруу болуп саналат. Бул аркылуу факульетте Куран жаттоо программаларын өнүктүрүү пландалууда. Тарыхый өзгөчөлүгүбүздү жана менталитетибизди сактоо шарты менен Мавераннахр усулунда Куран жаттоону өнүктүрсөк дейбиз».
Ал өз сөзүндө КМУнун теология факультети мындай конкурсту алгачкы жолу өткөрүп жатканын, бул жаатта чоң тажрыйба жоктугун, студенттердин абдан толкунданып жатканын, келечекте Куран жаттоо жаатында секирик жасап, республикалык жана эл аралык аренага чыгуу ниети бар экенин кошумчалады.
КМДБ жана КМУтарабынан өткөрүлгөн конкурстун жыйынтыгында 30 пара Куранды жатка окуу категориясы боюнча Караматулла Хабибулла уулу, Куранды кооз окуу категориясы боюнча Насрулло Искандаров, ал эми азан айтуу боюнча Исмаил Темирбек уулу жеңүүчү болуп табылды.