Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Жалал-Абад облусунун Манас шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев “Эл тилеги” коомдук фонду тарабынан курулуп жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышты.
Талантбек ажы мечиттин курулушу жогорку ылдамдык менен жүрүп жатканын белгилеп, ага ар тараптуу салым кошуп жаткан жарандарга Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун атынан ыраазычылык сөзүн айтты.
Ал ошондой эле курулуп жаткан борбордук мечит жергиликтүү жамаат жана шаарга келген коноктор үчүн көңүлдү өзүнө бурган, бардык шарттарды камсыздай турган имарат болорун белгилеп, мечиттин артыкчылыктары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышып чыкты.
Ошондой эле куруучуларга жана мечиттин курулушуна салым кошкондорго батасын берип, колдоосуна ыраазычылыгын билдирди.