Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 4-сентябрь күнү КМДБнын жыйындар залында өлкөдөгү жалпы баш имам-хатибдерге онлайн жыйын уюштурулду. Жыйынды Азирети Муфтийдин орун басары Талантбек ажы Темирбаев алып барып, буга чейин каттала элек мечиттердин статистикасы, жаңыдан курулуп жаткан диний объектилер, жеке менчик статусундагы мечиттерди тактоо жана муфтияттын балансына өткөрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштарды талкуулады.
«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдары жѳнүндѳгү» мыйзамга ылайык, өлкөдөгү бардык мечиттер муфтияттын балансында болушу керек. «Алланын үйү» деп эсептелген мечиттердин ээси Жараткан өзү. Муфтиятка өтөт дегени вакф болот дегени. Буга чейин айрым жеке тараптар мечит куруп, бирок өздөрү ээлик кылып келген учурлар болгон. Мечитти өзү каалагандай башкарып, имамды өзү дайындап, жакпаса кайра-кайра алмаштыргандар чыккан. Муну өтө жакшы билесиздер. Андыктан сажда кылынган ыйык жайларды, тагыраагы мечит жана намазканалардын баарын тактап, вакфка өткөрүшүбүз зарыл», – деди Талантбек ажы өз сөзүндө.
Азирети Муфтийдин орун басары мечиттерди тактап, алардын баарын эсептик каттоодон өткөрүү, ошондой эле муфтияттын алдындагы электрондук базага түшүрүү жана онлайн картасын түзүү иштери кызуу жүрүп жатканын, андыктан райондук имам-хатибдер активдүү иш алып барышы керектигин билдирди.
Ошондой эле мечиттин тазалыгын кароо, КМДБдан уруксат алынган китептер менен камсыздоо жана шам баяндарын үзгүлтүксүз өткөрүү боюнча тапшырма берди.
Айта кетсек, онлайн жыйынга муфтияттын мечиттер, курулуш-чарба жана имамдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Нуркамал кары Мизираимов, аталган бөлүмдүн кызматкерлери Алмаз ажы Султанов, Шергазы ажы Азимбай уулу, мекеменин юристи Келдибек ажы Аскаралиев, ошондой эле өлкөдөгү жалпы 53 баш имам-хатиб катышты.