Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 06.08.2025
  • |

Талас: Азирети Муфтий ардактуу имам Абдикерим Жээналиевден кабар алды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас районуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында 23 жыл бою имамдык кылган ардактуу диний кызматкер Абдикерим Жээналиевди зыярат кылды. 

«Оор учурларда динибизге ак кызмат кылган имам-дамлаларыбызга сый-урматыбыз абдан чоң. Бүгүнкү күндө коомубуздагы диндарлашуу жараянында сиздердин үлүшүңүздөр зор. Сиздерди ар дайым кадырлап-барктап, дубаңыздарды алууга ынтызарбыз», – деди Азирети Муфтий.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев ардактуу дин кызматкери тууралуу маалымат берип, учурунда жигердүүлүк менен иш алып барганын, райондо дин маданиятынын өнүгүшүнө салымы зор экенин, кийин саламаттыгына байланыштуу имамдыкты тапшырганын айтып өттү.

Өз кезегинде Азирети Муфтий мурдагы имамга шыпаа тилеп, дуба кылды.

Абдикерим Жээналиев атайын убакыт бөлүп зыярат кылган Азирети Муфтийге ыраазычылык билдирип, ак батасын берди.

Жээналиев Абдикерим тууралуу:

Ал 1959-жылдын 3-июнунда Талас районунун Ак-Жар айылында туулган. 2002-жылы имамдыкты баштаган ал 2009-2014-жылдары Талас шаарынын баш имам-хатиби болуп үзүрлүү эмгектенген. Диний квалификациялык билимин бир нече жолу жогорулаткан.

Бир уул, бир кыздын атасы.