Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын жүрүшүндө Талас шаарындагы Капар Медетбеков атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлгөн «Жаңы муун, жаркын келечек, таза муун жана коопсуз келечек» аталышындагы форумга катышты. Талас ОИИБи тарабынан өткөрүлгөн саамалыкта Азирети Муфтий «Салттуу ислам: Ханафилик-матуридиликтин акыйкаты» аттуу баяндама жасады.
«Элибиз миң жылдардан бери ханафилик-матуридилик жолун карманып, аны жашоосунда кеңири практикалап келген. Учурда ахли сүннөттүн бул жолу салттуу ислам деп аталууда. Адамзатка тынчтык, бакыт жана маданият ыроологон исламдын салттуу жолун чанбай, Азирети Мухаммедден (с.а.в.) бери ушул күндөргө чейин ишенимдүү жол менен келген динибизди туура булактардан үйрөнүп-үйрөтүп, жашап, өзүбүздөн кийинки урпактарга өткөрүп берели», – деди КМДБ жетекчиси өз сөзүндө.
Азирети Муфтий өз баяндамасында динди жамынган салттуу эмес багыттар боюнча учкай токтолуп, аларга мүнөздүү белгилер жана кесепеттери боюнча айтты.
Иш-чарада КМДБ тарабынан тартылган «Айырмабыз болсун» аттуу ролик коюлуп, аталган драма театрдын кызматкерлери тарабынан даярдалган сахналык көрүнүш тартууланды.
Айта кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Мира Сейдикеримова, Талас ОИИБдин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Асрол Тантиев, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси Равшан ажы Эратов, облус мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин Таластагы өкүлү Темирлан Нурадиловдор баяндама жасаган иш-чарага жергиликтүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, диний кызматкерлер, аксакалдар жана аялдар кеңешинин мүчөлөрү катышты.