Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 31.10.2025
  • |

Талас: Жоробай ажы Шергазиев «Чет тилдер» кыздар медресесинин студенттерине лекция окуду

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын калкты диний маалыматтар менен камсыздоо (фатва) бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында «Чет тилдер» кыздар медресесин зыярат кылды.

Зыяратынын жүрүшүндө медресе менен таанышып, студенттер менен жолугушуу өткөрүп, илим алуунун маанилүүлүгү тууралуу лекция окуду.

«Илим – жарык нур. Ислам цивилизациясы адамзатка адеп-ахлак, маданият, тазалык ыроологондой эле, илим-билим дагы сунду. Ыйык Куран илимге, илим ээлерине өзгөчө мамиле кылат. «Аллах ыйман келтиргендерди көтөрөт. Илим берилген момундарды (Бейиште) эсе-эсе даражаларга көтөрөт». (Мужадала, 11); «Аларга айткын, билгендер менен билбегендер бирдей болобу? Билген адам албетте кадырлуу». (Зумар, 93) деген аяттар илимдин баркын көтөрөт. Андыктан урматтуу илим талапкерлери, сиздер өтө шарапаттуу сапардасыздар», – деди Муфтияттын бөлүм башчысы.  

Жоробай ажы Шергазиев студенттердин суроолоруна жооп берип жатып, ханафи мазхабы, матуриди акыйдасын бекем кармануу менен туура багытта илим алынарын кошумчалады. Мындан сырткары, аялзатынын билим алуусу да маанилүү экенин баса белгилеп, жолугушууну уюштурган медресе мүдүрү Өмүрзак Абдусамат уулуна ыраазычылыгын билдирди.