«Жакшылык – жүрөгүң тынчтык тапкан нерсе, жамандык – жүрөгүң тынчсызданган нерсе» (Муслим)
КМДБнын Талас облусундагы өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында фитир-садака жыйноо жана «Финик» тиркемесин колдонуу боюнча жыйын уюштурулду. Иш-чаранын негизги максаты фитир-садаканы чогултуу жана таратуу иштерин ачык-айкын, тартиптүү жана шарият талаптарына ылайык жүргүзүү, «Финик» тиркемеси аркылуу фитир-садака кабыл алуу, QR-коддорду ар бир мечитке жайгаштыруу жана жамаатка туура түшүндүрүү иштерин күчөтүү маселеси экени белгиленди.
Мындан сырткары муктаж үй-бүлөлөрдү так аныктоо үчүн атайын тизме түзүп, жардамды комиссиянын көзөмөлүндө адилеттүү жана максаттуу жеткирүү зарылдыгы айтылды.
Жыйында өкүлчүлүктөрдүн жана хатибияттардын кеңселериндеги жана мечиттердеги мүлк, буюм-тайымдарга инвентаризация жүргүзүү, ар бир нерсени каттоого алуу маселеси да көтөрүлдү. Бул тартипти бекемдөө, жоопкерчиликти жогорулатуу жана материалдык баалуулуктарды сактоо максатын көздөй турганын белгилешти. Ошондой эле имамдардын айлыгы тууралуу да пикир алышуу болду.
Жыйын соңунда берилген тапшырмаларды так, өз убагында жана жоопкерчилик менен аткаруу милдети коюлду.
Айта кетсек, иш-чарага муфтияттын финансы жана чарба бөлүмүнүн башчысы Толкунбек ажы Жуманов, бөлүм адистери Асанбай ажы Бекматов жана Уланбек ажы Сайпидинов, Азирети Муфтийдин Талас облусу боюнча өкүлү Нийматилла ажы Топчиев, өкүлчүлүк кызматкерлери, ошондой эле облустагы баш имам-хатибинин милдетин аткаруучулар жана имам-хатибдер катышты.