«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Бишкек шаарында жайгашкан «Терас Парк» кафеси Муфтияттын халал иштери боюнча кызматтарды жана продукцияларды сертификациялоо бөлүмүнөн адалдыгын тастыктаган сертификат алды. Бул тууралуу КМДБнын бөлүм башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу билдирип, аталган кафенин калайыкка сунган тамак-ашы жана азык-түлүктөрү толугу менен шарияттын халал стандарттарына дал келерин маалымдады.