Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 03.09.2025
  • |

ТМУ: Муфтият Азирети Муфтийлердин VI саммитин өткөрүүгө даяр

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынына карата даярдыктар боюнча кеңешме өттү. Эл аралык деңгээлдеги олуттуу иш-чараны өткөрүү тартиби жана координациясы талкууланган жыйынга Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын саясий жана экономикалык изилдөөлөр башкармалыгынын башчысынын орун басары – стратегиялык пландоо жана реформаларды талдоо бөлүмүнүн башчысы, тарых илимдеринин доктору, этнограф Октябрь Капалбаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров баштаган КМДБ түзүмүндөгү диний кызматкерлер катышты.

Маалымат иретинде айта кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарында ТМУга мүчө өлкөлөрдүн Азирети Муфтийлеринин кезектеги саммити өтөт. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Түркмөнстандын муфтийи Ялкап Хожагулиев, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназар, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин катышуусу күтүлүүдө. 

Ошол эле күнү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынынын алдында «Сиражуддин ал-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы» атттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өтмөкчү. 

Ал эми 10-сентябрь күнү, Азирети Муфтийлердин саммитине утурлай ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын жыйынынын алдындагы фатва кеңешинин отуруму өтмөкчү. Эл аралык деңгээлдеги маанилүү бул иш-чара КР Президентинин колдоосу менен Кыргызстанда алгачкы жолу уюштурулууда.