Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы «Эне-Сай» кабыл алуу үйүндө ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйыны расмий башталды. Тарыхый саамалыкка Кавказ мусулмандарынын башкармалыгынын төрагасы жана Азербайжан Республикасынын муфтийи, шейхул-ислам Аллахшүкүр Пашазаде, Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш, Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын башчысы, баш муфтий Ноорузбай ажы Таган уулу, Өзбекстан мусулмандары Дин башкармалыгынын төрагасы, муфтийи, шейх Нуриддин ажы Холикназаров, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, түрк дүйнөсүнүн аалым-окумуштуулары жана изилдөөчүлөр катышып жатат.
Илимий саамалыкты Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров ачып, эл аралык илимий-практикалык конференцияга ийгилик каалады:
«Урматтуу боордоштор! Кадырлуу бир туугандар! Ардактуу түрк дүйнөсүнүн аалымдары! Бүгүнкү Сиражуддин аль-Оший жана анын ислам илимдерине кошкон салымы аттуу эл аралык илимий-практикалык конференциябызга куш келипсиздер!», – деген кыргыз муфтийи ханафилик-матуридиликтин улуу аалымы Сиражуддин аль-Оший тууралуу учкай токтолуп, анын ислам ааламындагы ордун, илимдериндеги ролун айтып, иш-чаранын маанилүүлүгүн белгиледи:
«Түрк дүйнөсүнүн биримдигин камсыздоочу факторлор – бир туугандыгы, орток тарыхы, орток каада-салты, орток ишеними болуп саналат. Түрк дүйнөсүнүн диний метиркасы – ислам. Андыктан ислам дининин орток баалуулуктарын бекемдеп, салттуу дүйнө таанымды тутунуу аркылуу гендик бир туугандыгыбызды диндик бир туугандыгыбыз аркылуу күчтөндүрө алабыз. Дал ушул максатта орток фатвалар, орток чечимдер жана орток багыттар бизди жакындаштырат жана күчтөндүрөт.
Кадырлуу катышуучулар! “Диндин чырагы” Али бин Осмон бин Мухаммед бин Сулайман Аби Мухаммед ал-Ханафий Сиражуддин ал-Ошийдин бейнесине арналган ушул илимий иш-чарабыз ак жолтой болуп, жакшы-жакшы жетишкендиктерге жетели. Бир туугандыгыбыз бекемделип, илимде жана кеңешүүдө бийиктиктерди бирге багындыралы!».
Эл аралык илимий-практикалык конференцияда Кыргызстан, Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын окумуштуу-аалымдары тарабынан илимий макалалар окулуп, суроо-жооптор коштолмокчу.
Ахли сүннөттүн ардактуу аалымы Сиражуддин аль-Оший тууралуу:
Залкар аалым Али бин Осмон бин Мухаммед бин Сулайман Аби Мухаммед ал-Ханафий аш-Шахид Сиражуддин ал-Оший (Аллах өз рахматына алган болсун) VI/VII-кылымда Ош шаарында туулуп өсүп, жашап өткөн аалым болуп саналат (ө.ж. 575/1179). Өз замандаш аалымдарынын арасында “Диндин чырагы”,“ Диндин түркүгү”, “Имам”, “Шейх”, “Аллаама”, “Шамсул-Ислам”, жана “Мухаккик”, “Казы” деген лакаптарга ээ болгон. Ал-Оший Караханийлер мамлекетинин карамагындагы Фергана аймагына кирген Ош шаарында илмий иш-аракеттерди жүргүзгөн.
Ал өз кезинде хадис, фикх, акыйда сыяктуу ислам илимдери боюнча түрдүү китептерди жазып, өзүнөн кийинки муундарга илмий мурасты өткөрүү аркылуу тарыхта алтын тамгалар менен калган. Анын жазган чыгармаларынан кээ бирлери гана биздин заманга жетип келген. Мисалы: “Аль-Фатаваа ас-Сиражий”, “Нисабул-Ахбар ли Тазкиратул-Ахйар”, “Гурарул-Ахбар уа Дурарул-Ашьар” аттуу хадистер жыйнагынын кыскартылган нускасы катары эсептелет. Ислам адабиятында “Ал-Касидатуль-Лаамийа фит-Таухид”, “Касийдат уль-йакул-уль-Абд” деп аталган, бирок ислам ааламына “Бадуль-Амаали” деп таанылган салмактуу эмгеги диндин өзөгүн түзгөн акыйда маселелеринин топтому болуп саналат. Чындыгында акыйда бермети болгон “Бадуль-Амаали” кайталангыс эмгек экенин дээрлик бардык ахли сүннөт аалымдары моюндап, бүткүл Ислам дүйнөсүндө, өзгөчө Борбор Азияда, Индия жана Осмон дөөлөтүндө медреселерде окуу куралы катары колдонулган. Азыркы күндө да дүйнөнүн бир катар диний окуу жайларында окуутулуда.