Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 10.11.2025
  • |

Томск шаарында «Сибирь — диалог аймагы – 2025» эл аралык форуму өткөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын 6-7-ноябрында Россиянын Томск шаарында «Сибирь — диалог аймагы – 2025» эл аралык форуму болуп өттү. Форумга РФдан сырткары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан ж.б. өлкөлөрдөн делегаттар катышты. 

Форумдун алкагында эл аралык салмактагы аалымдардын катышуусунда илимий конференциялар өткөрүлдү. Форумдун уюштуруучусу Томск шаарынын жана Томск областынын мусулмандарынын диний башкармалыгынын төрагасы Турсунбаев Нурулло мырзанын чакыруусунун негизинде КМДБнын атынан Самаган Мырзаибраимов куттуктоо доклады менен катышты.

Эл аралык форумда төмөнкү секцияларда баяндамалар жасалды:

•    «Радикализм, экстремизм жана терроризм идеяларына каршы аракеттерде салттуу диний конфессиялар менен улуттук-маданий уюмдардын өз ара кызматташуусу»;
•    «Жарандык коомдун ресурсу катары ыктыярчылык: укуктук, уюштуруучулук жана социалдык-психологиялык аспектилер»;
•    «Ислам жана православие — диний аралык тынчтык менен ынтымактын кепилдиги катары»;
•    «ЖӨБ тармагында өзгөрүүлөрдү башкаруу: команда, жоопкерчилик жана уюмдун маданияты».