Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 11-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов жана муфтийдин орун басары Талант ажы Темирбаев баштаган КМДБ кызматкерлери Түркия Диянет иштери башкармалыгынын башчысы, проф., др. Али Эрбаш баштаган боордош аалымдар делегациясын «Манас» эл аралык аэропортунан тосуп алышты.
Проф., др. Али Эрбаш бүгүн, 11-сентябрда Бишкек шаарында өтүүчү ТМУга мүчө мамлекеттердин Дин башкармалыктарынын төрагаларынын VI жыйынына катышуу үчүн күнөстүү Кыргызстанга келди.
Айта кетсек, Түркия аалымдар делегациясында төраганын биринчи орун басары Селим Аргун, Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абдуррахман Хачкалы, ошондой эле башкармалыктын кызматкерлери Бурак Орхан, Угур Булут, Мухаммед Мурат Жанполат бар. Ал эми кечээ, 10-сентябрда Түркия муфтиятынын эл аралык байланыштар башчысы Салих Гөр, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү жана төраганын өкүлү, доктор Фатих Мехмет Айдын келген.