«Силердин эң жакшыларыңар – үй-бүлөсүнө эң жакшы мамиле кылгандарыңар» (Тирмизи)
Коом | 12.02.2026
  • |

Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков Аалымдар Кеңеши менен жолугушуу өткөрдү

Бүгүн, 12-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков Аалымдар Кеңешин зыярат кылып, аалымдар менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө АК төрагасы Замир кары Ракиев Аалымдар Кеңешинин ишмердүүлүгү жөнүндө маалымат берди.

Зыяраттын алкагында АК мүчөлөрү Талантбек Ташибеков менен өз ара пикир алышып, суроо-жооп менен коштолду.

Жолугушуу соңунда аалымдар Талантбек Ташибековго ак батасын берип, жооптуу кызматына ийгиликтерди каалашты.