Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 17.09.2025
  • |

Умра: 24 туристтик компания аккредитациядан өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын "Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы №01-4/102 буйругунун негизинде, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Уставына ылайык, Умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларды аккредитациядан өткөрүү боюнча комиссия түзүлгөн.

Комиссия тарабынан аккредитациядан өтүү үчүн тапшырылган материалдар кылдат текшерилип, тиешелүү талаптарга жооп берүүсү боюнча кароо жүргүзүлдү. Компания жетекчилери менен маектер өткөрүлүп, алардын иш тажрыйбасы жана зыяратчыларга көрсөтүлө турган кызматтар тууралуу кеңири маалымат алынды. Ошондой эле зыяратчыларга жогорку деңгээлдеги шарттарды түзүү зарылдыгы жана компаниялардын жоопкерчилиги боюнча эскертүүлөр берилди.

Жалпысынан 33 туристтик компания аккредитациядан өтүү боюнча арыз тапшырган. Анын ичинен 24 компания аккредитациядан кээ бир документтерин толуктоо шарты менен өтүп, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы менен келишим түзүүгө даярдалууда. Калган фирмалар документтери толук болбогондуктан, кайрадан толуктоого жөнөтүлдү.

Аккредитациядан өткөн компаниялардын тизмеси:
1.    ЖЧК “Макка Тревел”
2.    ЖЧК “Ой-Трэвел”
3.    ЖЧК “AYYILDIZ” (АЙЙЫЛДЫЗ)
4.    ЖЧК “Зиярат КейДжи”
5.    ЖЧК “Лидер Умра Тревел Эженси Плюс”
6.    ЖЧК “Замзам Тревел”
7.    ЖЧК “Мадина Муслим Тур”
8.    ЖЧК “Кызмат Саякат”
9.    ЖЧК “Хаят Тревел”
10.    ЖЧК “Бейиш Трэвел”
11.    ЖЧК “Кей Джи Тревел”
12.    ЖЧК “Фажр-Трэвел”
13.    ЖЧК “Умра Официал”
14.    ЖЧК “Жазира Трэвел”
15.    ЖЧК “Ибрахим Тревел”
16.    ЖЧК “Нур Холдинг Компани”
17.    ЖЧК “Рахима Трэвел”
18.    ЖЧК “Сапат Умра Тревел”
19.    ЖЧК “Нур Умра Трэвел”
20.    ЖЧК “Гарант” Эл аралык туризм корпорациясы
21.    ЖЧК “Умра Замзам”
22.    ЖЧК “АСК Трэвел КГ”
23.    ЖЧК “Хижра Трэвел”
24.    ЖЧК "Макам Тревел"

Эскертүү: Аккредитациядан өтпөй туруп умра ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалар болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн маалымдайбыз.