Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
“Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Араб Падышалыгына зыярат кылуусун уюштуруу жана өткөрүү тартибине ылайык, умра зыяратын уюштуруучу туристтик компаниялардын ишмердүүлүгүнө көзөмөл улантылууда.
Учурда өлкө боюнча 37 туристтик компания тиешелүү аккредитациядан өтүп, умра сапарын уюштурууга укук алышкан. Мыйзамсыз иш жүргүзгөн компаниялар менен жеке адамдарды аныктоо боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.
Бул иштерге Дин иштери боюнча улуттук агенттик, Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши, Муфтият, казыяттар жана Текшерүү комиссиясы катышууда. Текшерүүлөр аэропорттордо жана интернеттеги жарнамалык платформаларда жүргүзүлүп жатат.
Көзөмөлдүн негизги максаты — зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу, мыйзамдуулукту камсыздоо жана зыяратчыларга ыңгайлуу шарттарды түзүү.