Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, 28-октябрь күнү Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров ишкерлик менен алектенип, умра сапарын уюштуруп жаткан фирмалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда КМДБ жетекчиси ибадаттык сапарды чынчылдык, ак ниеттик, адилеттик жана адеп-ахлак менен алып барууга чакырып, иштерине ийгилик каалоо менен фирмалардын ишмердүүлүгү КР мыйзамдарына ылайык болушу зарылдыгын эскертип өттү.
«Бардык эле адам дин кызматына тартыла бербейт. Сиздер канча деген бир туугандарыбыздын умрага барып, ибадаттарын өтөп келүүлөрүнө шарт түздүңүздөр. Кудайым кылып жаткан кызматыңыздарды кабыл кылсын», – деди Азирети Муфтий өз сөзүндө.
Иш-чара алкагында аккредитациядан өткөн фирмаларга сертификаттар тапшырылды.
Маалымат иретинде айтсак, учурда мекемелер аралык иш тобу кыргызстандык зыяратчылардын коопсуздугун көзөмөлдөө максатында умра зыяратын уюштуруучу компанияларга мониторинг жүргүзүүдө. Бул кадам умрага барууну каалаган жарандар үчүн ишенимдүү жана коопсуз шарттарды түзүү максатын көздөйт.
Белгилей кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын "Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы №01-4/102 буйругунун негизинде, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Уставына ылайык, Умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларды аккредитациялоо иштери өткөрүлүп, бүгүнкү датага карата жалпы 37 фирма аккредитациядан өткөн.
Тизме:
1. ООО "Макка Тревел"
2. "Ой-трэвел" ЖЧК
3. "AYYILDIZ" (АЙЙЫЛДЫЗ) ЖЧК
4. "АТЛАС ТРЭВЕЛ ЛЛС" ЖЧК
5. "Зиярат КейДжи" ЖЧК
6. "Лидер Умра тревел эженси плюс" ЖЧК
7. "Замзам Тревел" ЖЧК
8. "Мадина Муслим Тур" ЖЧК
9. "Кызмат саякат" ЖЧК
10. "Ниет Тревел" ЖЧК
11. "Хаят Тревел" ЖЧК
12. "Бейиш Трэвел" ЖЧК
13. "Кей Джи тревел" ЖЧК
14. ЖЧК "Фажр-Трэвел"
15. "Умра Официал" ЖЧК
16. ОсОО "JAZEERA Travel" (ДЖАЗИРА Трэвел)
17. "Ибрахим Тревел" ЖЧК
18. "Нур Холдинг Компани" ЖЧК ОсОО «Абсолют Умра Трэвел»
19. "Рахима Трэвел" ЖЧК
20. «Сапат Умра Тревел» ЖЧК
21. "Нур Умра Трэвел" ЖЧК
22. Корпорация международного туризма и развития детского отдыха "Гарант" ЖЧК
23. "УМРА-ЗАМЗАМ" ЖЧК
24. "АСК Трэвел КГ" ЖЧК
25. "Хижра Тревел" ЖЧК
26. "Макам Тревел" ЖЧК
27. "Го ЗАМ ЗАМ" ЖЧК
28. "Аль Фатих Тревел" ЖЧК
29. "Нур-Умра" ЖЧК
30. "Аль Умма тур" ЖЧК
31. ОсОО "Аманат Бизнес Холдинг"
32. "ИХЛАС НУР" ЖЧК
33. "Мекендеш саякат" ЖЧК
34. "Адис холдинг" ЖЧК
35. "Аят Умра Трэвел" ЖЧК
36. "Нур заман умра" ЖЧК
37. "ТАБЕРИК ТРЕВЭЛ" ЖЧК