«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Коом | 14.02.2026
  • |

Умра: Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын расмий билдирүүсү

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсы жана «Аманат Бизнес Холдинг» ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдердин бир катар пункттары “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсынын жана «Аманат Бизнес Холдинг» ЖЧКсынын жетекчилери тарабынан олуттуу түрдө бузулгандыгына байланыштуу келишим бир тараптуу токтотулгандыгын коомчулукка маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, 2026-жылдын 10-февралынан тартып “Нур Умра Трэвел” ЖЧКсы жана «Аманат Бизнес Холдинг» ЖЧКсы Умра (кичи ажылык) зыяратын уюштуруу жана өткөрүү укугунан ажыратылды. Мындан ары аталган компаниялар тарабынан Умра зыяратын уюштуруу боюнча жүргүзүлгөн ишмердүүлүк мыйзамсыз деп эсептелет.

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жарандарды Умра зыяратына барууда ыйгарым укуктуу жана расмий аккредитациядан өткөн компаниялардын кызматтарын гана пайдаланууга чакырат. Бул зыяратчылардын коопсуздугун камсыз кылуу жана Умра зыяратынын талаптарга ылайык уюштурулушу үчүн өзгөчө маанилүү.