«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Жарыя! Урматтуу умра зыяраты менен алектенген мекеме жетекчиликтери жана өкүлдөрү!
2025-жылдагы ажылык иштери жыйынтыкталып жаткандыгына байланыштуу, үстүбүздөгү айдын 2-жумалыгынан тарта умра сапарлары башталуу алдында турат.
Ушул себептүү 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын «Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-3-пункттарын жетекчиликке алуу менен бирге, умра зыяраттарын уюштурууну жакшыртуу, системалаштыруу, зыяратчыларга кам көрүү жана кызмат көрсөтүүнү өркүндөтүү сыяктуу маселелерди талкуулоо максатында сиздерди 20-июнь, жума күнү саат 10:00 гө Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгына (Муфтият) чакырабыз.
Дарегибиз: Бишкек шаары, Жибек-Жолу 264/3
Байланыш телефону: +996 708 48 61 67