Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 25.08.2025
  • |

Умра менен алектенген мекемелерге кулак кагыш!

Сауд Арабия Падышалыгына умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларын аккредитациядан өтүүгө чакырабыз!

Урматтуу умра зыяраты менен алектенген мекеме жетекчилери жана өкүлдөрү, кадырлуу жеке тараптар! Үстүбүздөгү жылдын 15-сентябрына чейин аккредитациядан өтүүгө чакырабыз. Эгер өтпөстөн ишмердүүлүгүн жүргүзгөн фирмалар болсо, мыйзам чегинде чара көрүлөрүн маалымдайбыз.

Кыргыз Республикасынын «Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы №01-4/102 «Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө» буйругуна, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы тарабынан бекитилген Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын уставына ылайык, Сауд Арабия Падышалыгына умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларын аккредитациялоо боюнча документтер кабыл алынат.

Сауд Арабия Падышалыгына Умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларын аккредитациядан өткөрүү боюнча талаптар:
1.    Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү же Жеке ишкердин каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү;
2.    Уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (бар болсо: устав, уюштуруу келишими);
3.    Юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон (кайра каттоодон) өткөндүгү жөнүндө чечимдин көчүрмөсү (бар болсо);
4.    Жетекчини дайындоо жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын чечиминин көчүрмөсү (бар болсо);
5.    Кыргыз Республикасынын салык органдарынын алдында салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карызы жок экендиги жөнүндө маалымкат;
6.    Офис имаратынын бар экендигин тастыктаган документтер (техникалык паспорт же кеминде бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн ижара келишими);
7.    Сауд Арабия Падышалыгына (мындан ары – САП) зыярат уюштуруу тажрыйбасын тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү:
· Зыяратчылардын саны көрсөтүлгөн тейленген зыяратчылардын тизмеси;
· САПга виза алууну тастыктаган документтердин көчүрмөлөрү;
· САПда жайгашкан мейманканалар менен түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү;
· Авиаташуучулар менен түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү.
8.    Сауд Арабия Падышалыгында жайгашкан кеминде 3 жылдыздуу мейманканалар жана авиаташуучулар менен кеминде бир жылдык мөөнөткө түзүлгөн келишимдердин көчүрмөлөрү.
9.    Зыяратчылардан даттануулардын жана Сауд Арабия Падышалыгында Умраны уюштурууда кемчилик жана танкыстык жок экендигин тастыктаган документ (кепилдик кат). 
10.    Сауд Арабия Падышалыгына бара турган зыяратчыларды камсыздандыруу келишимдеринин көчүрмөлөрү, анын ичинде медициналык камсыздандыруу жана Умранын үзгүлтүккө учурашына байланыштуу тобокелдиктерди камсыздандыруу, кеминде бир жылдык мөөнөткө.
11.    Сауд Арабия Падышалыгына зыяратчыларды трансфери боюнча келишимдердин көчүрмөлөрү. 
12.    Зыяратчылар менен зыяраттагы көрсөтүлүүчү кызматтар боюнча келишимдин долбоору;
13.    Жетекчинин колу коюлган жана юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн, берилген документтердеги маалыматтардын тууралыгын жана алар үчүн юридикалык жактын жоопкерчилигин ырастаган кепилдик кат.
14.    Умра зыяраты менен алектенген Туристтик компаниялардын Кыргызстан мусулмандардын дин башкармалыгы менен тиешелүү жарандык-укуктук бүтүмдөрдү түзүүгө даярдыгы.
15.    Бардык документтердин көчүрмөлөрү юридикалык жактын мөөрү менен күбөлөндүрүлүшү керек; чет тилинде түзүлгөн документтер кыргыз же орус тилине нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн котормосу менен коштолушу керек.
16.    Бардык документтер мазмунунун тизмеси менен жабык конвертте берилиши керек.

Требования аккредитации для туристических компаний, претендующих на организацию Умры в Королевство Саудовская Аравия

1.    Копия свидетельство о государственной регистрации (перерегистрации) юридического лица либо свидетельства о регистрации (перерегистрации) Индивидуального предпринимателя;  
2.    Копия учредительных документов (при наличии: устав, учредительный договор);
3.    Копия решения о государственной регистрации (перерегистрации) юридического лица (при наличии); 
4.    Копия решения уполномоченного органа о назначении руководителя (при наличии); 
5.    Справка об отсутствии задолженности по налогам и страховым взносам перед налоговыми органами Кыргызской Республики;
6.    Документы, подтверждающие наличие офисного помещения (технический паспорт или договор аренды на срок не менее одного года); 
7.    Копии документов, подтверждающих опыт организации паломничества в Королевство Саудовская Аравия (далее — КСА):

·    списки обслуженных паломников с указанием их количества;
·    копии документов, подтверждающих получение виз в КСА;
·    копии договоров с отелями, расположенными в КСА;
·    копии договоров с авиаперевозчиками.

8.    Копии договоров с авиаперевозчиками и отелями категории не ниже 3 звезд, расположенными в Королевстве Саудовская Аравия, на срок не менее одного года.
9.    Подтверждение отсутствия жалоб от паломников и случаев ненадлежащей организации умры в Королевстве Саудовская Аравия (гарантийное письмо).
10.    Копии договоров страхования паломников, выезжающих в Королевство Саудовская Аравия, включая медицинское страхование и страхование рисков, связанных с срывом умры, на срок не менее года.
11.    Копии договоров на трансфер паломников в Королевстве Саудовская Аравия.
12.    Проект договора с паломниками об оказание услуг паломничества;
13.    Гарантийное письмо, подписанное руководителем и заверенное печатью юридического лица, подтверждающее достоверность сведений в представленных документах и ответственность юридического лица за них.
14.    Готовность туристических компаний заключить соответствующие гражданское-правовые сделки с Духовным управлением мусульман Кыргызстана. 
15.    Все копии документов должны быть заверены печатью юридического лица; документы, составленные на иностранном языке, должны сопровождаться нотариально заверенным переводом на кыргызский или русский язык
16.    Все документы должны быть представлены в запечатанном конверте с описью содержимого. 

Документтер КМДБнын кеңсесинде кабыл алынат. 
Дарегибиз: Бишкек, Жибек-Жолу 264/3 
(Болжолдуу дарек: Башкы «Имам Сарахсий» мечити)

Байланыш телефондору: 0505 20-40-30, 0551 20-40-30 

Эскертүү: “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Сауд Араб Падышалыгына умра зыяратын уюштуруучу катары укук КМДБга берилген. Сауд Араб Падышалыгына умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компаниялар КМДБнын аккредитациясынан өтүп келишим түзбөстөн, тиешелүү мыйзам чегинде иш кагаздарын бүтүрбөстөн умра уюштуруу мыйзам бузуу экенин эскертебиз жана Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 142-беренесине ылайык жоопко тартыларын эскертебиз.