Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 16.09.2025
  • |

Умра зыяратын уюштурууга талапкер фирмалардын керектүү документтерин атайын комиссия карап чыкты

Буга чейин берилген жарыяларга ылайык, Кыргыз Республикасынын “Дин эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” Мыйзамын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттиктин 2025-жылдын 30-июлундагы №01-4/102 “Кыргыз Республикасынын жарандарынын Сауд Арабия Падышалыгына Умра зыяратын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу тартибин бекитүү жөнүндө” буйругуна, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы тарабынан бекитилген Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Уставынын негизинде Умра зыяратын уюштурууну каалаган туристтик компанияларды аккредитациядан өткөрүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Дал ушул максатта бүгүн, 16-сентябрь күнү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) тарабынан түзүлгөн атайын комиссия Умра зыяратын уюштурууга арыз берген жеке фирмалардын документтерин карап чыгуу иштерин баштады.

Ага ылайык, 2025–2026-жылдары Умра зыяратын уюштурууга аккредитациядан өтүү үчүн тапшырылган материалдар кылдаттык менен каралып, тиешелүү талаптарга жооп берүүсү боюнча текшерүүлөр жүргүзүлдү. Комиссиянын кийинки баскычы катары, талапкер фирмалардын жетекчилери менен КМДБда атайын жолугушуу өткөрүлөт. Жолугушуунун алкагында ар бир фирманын уюштуруу мүмкүнчүлүктөрү, тажрыйбасы жана зыяратчыларга көрсөтүүчү кызматтары боюнча кеңири маалыматтар алынмакчы. Жыйынтыгында, белгиленген талаптарга жооп берген, зыяратчыларга жогорку сапаттагы кызмат көрсөтө ала турган компаниялар аккредитациядан өткөрүлөт. 

Айта кетсек, бул жараян Умра зыяратын сапаттуу жана коопсуз уюштуруу максатында өткөрүлүп жаткандыгын КМДБ маалымдайт.