Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Эй адамдар! Силер Аллага муктажсыңар! Алла болсо эч нерсеге муктаж эмес, Макталуучу!» (Фаатир, 15).
Ислам динибизде Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.): «Сапар — азаптын бир бөлүгү» деп айткан. Бул хадис ар бир сапар сабырдуулукту, даярдыкты жана жоопкерчиликти талап кыларын эске салат. Ушуга байланыштуу умра зыяратын аткарууга ниет кылган жарандар сапар учурунда жаралышы мүмкүн болгон ар кандай күтүлбөгөн жагдайларды алдын ала эске алуусу зарыл.
Акыркы күндөрү өлкө аймагында жана айрым эл аралык каттамдарда аба ырайынын кескин өзгөрүшү, туман, жаан-чачын сыяктуу табият кубулуштарынын кесепетинен авиакаттамдар кечигип же убактылуу токтотулуп жаткан учурлар катталууда. Ушуга байланыштуу, зыяратчылар синоптиктердин расмий эскертүүлөрүнө көңүл буруп, жолго чыгууну пландоодо аба ырайынын шарттарын эске алуусу сунушталат.
Ошондой эле умра зыяратын уюштуруучу фирмалар менен форс-мажордук жагдайлар орун алган учурда (каттамдын кечигиши, жылдырылышы, мейманкана маселелери ж.б.) кайсы кызматтар кандай тартипте көрсөтүлөрү так көрсөтүлгөн келишимди кагаз жүзүндө түзүп алуу зыяратчылардын укуктарын коргоо үчүн маанилүү экени белгиленет.
Ошол эле учурда умра зыяратын уюштуруучу туристтик компаниялар жарандарга кызмат көрсөтүү укугун алгандан кийин, ар кандай шарттарда жоопкерчиликтүү мамиле кылып, зыяратчылар менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, өз убагында маалымат берип жана тиешелүү жардамдарды көрсөтүүсү зарыл.
Умра — бул ибадат жана аманат. Аны уюштурууда да, аткарууда да жоопкерчилик, сабырдуулук жана өз ара түшүнүшүү эң маанилүү экенин эске салабыз.