«Орозо кармоочунун оозунан чыккан жагымсыз жыт, Аллах Тааланын астында жыпар жыттуу атырдан да жагымдуу болот. Кыямат күнү ага эсепсиз сооптор берилет» (хадис).
Азирети Пайгамбарыбыз Мухаммад (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн хадисинде мындай деген: “Жерден алынган түшүмдөрдөн (ондон бири, 10/1) үшүр катары берилет”. (Бухарий, 1473).
КМДБ үшүр берүүнүн шарияттагы тартибин карап, төмөнкүдөй чечим кылат:
1. Үшүр (же үшүрдүн жарымы) жерден өндүрүлгөн дандан, мөмө жана жер жемиштерден, маданий жана атайын максатта өстүрүлгөн өсүмдүктөрдөн берилет.
2. Жогорудагы аталгандардын өлчөмү белгиленген эмес. Аз-көбүнө карабастан алынган түшүмдөн берилет. Ошондой эле аталган өсүмдүктөрдүн узак мөөнөткө сактоого жарактулуугу да эске алынбайт.
3. Үшүр маселесинде убакыт чектелбейт. Түшүм канча ирет алынгандыгына жараша берилет.
4. Түшүм берчү жер кайрак болсо, же сугарма болуп дарыя-каналдан табигый агып келген суу менен сугарылган учурда, түшүмдүн ондон бири (10/1) берилет. Ал эми кол эмгеги менен чакалап ташылып, же атайын жабдыктардын көмөгү менен суу тартылган же суу сатылып алынган учурда түшүмдүн жыйырмадан бири (20/1) берилет.
5. Жерден алынган түшүмдүн жалпы көлөмүн жерге кеткен чыгымдар чыгарылбастан туруп үшүр (же анын жарымы) берилет.
6. Балдын үшүрү ондон бир (10/1) бөлүк болуп саналат.
Эскертүү: Үшүр маселесине тиешелүү суроо-талаптар болсо Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнө кайрылып, кененирээк маалымат алууга болот. Же болбосо КМДБнын алдындагы жарандардын диний суроолоруна жооп берүүчү call-борборго кайрылууну сунуштайбыз. Тел номуру: +996550557775