Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 04.08.2025
  • |

Ыйык Медина: Имамдар квалификациялык билимин жогорулатууда

Нурдуу Медина шаарына тил үйрөнүү максатында барган 25 имамдын окуусу кызуу уланууда. Бул тууралуу КМДБнын фатва бөлүмүнүн адиси Мухамадали ажы Имарали уулу жеринен кабарлады.

«Имамдарыбыз келген күндөн тарта эле сабакка кызуу киришти. Бул жерде негизинен тил үйрөнүүгө басым жасалууда. Дин кызматкерлери араб тилин терең өздөштүрүп алса, имамдык кызматында өтө чоң пайдасы тиет», – деди ал. 

Мухамадали ажы имамдар окуу менен бирге зыяраттарды да айкалыштырып, Медина күндөрүн кызыктуу жана сарамжалдуу өткөрүп жатышканын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 31-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы «Таба» ЖЧКнын колдоосу менен ыйык Медина шаарына 25 имамды тил үйрөнүү максатында жөнөткөн. 

P.s.: Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдөгү ислам маданиятын жогорулатуу жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминде дин кызматкерлеринин квалификациялык билимин жогорулатуу, имамдардын профессионалдуулугун арттыруу, чет өлкөлөргө окууларга жана тажрыйба алмашууга жөнөтүү сыяктуу пункттар бар болчу.