Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында облус имамдарына багытталган “Ислам негиздери боюнча каржылоо” аттуу семинар өткөрүлүп, ислам финансысынын негизги принциптери – мурабаха жана мудараба тууралуу кеңири кеңири маалыматтар айтылды.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы (КМДБ) жана ААК «Айыл Банк» Ислам терезеси тарабынан уюштурулган семинар Ханафи мазхабын бекемдөө, аша чабуунун алдын алуу, фатва бөлүмүнүн алдындагы колл-центр менен байланышты күчтөндүрүү, нике журналы, коомчулуктун финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана ислам банкинг системасы аркылуу соода-сатык мамилелерин шарият негизинде туура жүргүзүүгө багытталды.
Семинарда КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Акматжан Жумадыл, Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков жана Ысык-Көл облусунун казысы Бакыт ажы Кайкиев, ошондой эле «Айыл банктын» ислам терезесинин жетекчиси Санжар Бапа уулу жана банк кызматкерлери баяндамаларды жасашты.
Жыйында ислам терезеси аркылуу сунушталып жаткан каржылоо жана тейлөө кызматтарынын шарият талаптарына шайкештиги, мурабаханын өзгөчөлүктөрү жана анын рибадан (кредит) айырмасы боюнча жетиштүү маалымат берилди. Ошондой эле мудараба, риба, гайсир жана гарар түшүнүктөрүнө токтолуп, катышуучулар тарабынан берилген суроолор жооптолду.
Семинар соңунда саамалыкка катышкан имамдарга сертификат тапшырылды.