Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 11.10.2025
  • |

Ысык-Көл: Замир кары Ракиев баштаган аалымдар жер-жерлерде жолугушууларды өткөрдү

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган аалымдар кербени кечээ, 10-октябрда Ысык-Көл облусуна диний агартуу иш-чарасы менен барды.

Кербен алкагында Замир кары Ракиев Чолпон-Ата шаарындагы Борбордук мечитте жамаат менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө төрага элди биримдикке жана ынтымакка чакырып, ысырапкорчулуктан оолак болууга чакырды. Жергиликтүү тургундар пайдалуу насааттардан руханий азык алышып, төрагага ыраазычылык билдирип өтүштү.

Аалымдар Кеңешинин калган мүчөлөрү да облустагы райондук жана шаардык борбордук мечиттерде эл менен жолугушууларды өткөрүп, ислам баалуулуктары боюнча баяндамаларды жасашты.