Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Коом | 21.11.2025
  • |

Жалал-Абадда имамдардын билимин жогорулатууга багытталган семинар өткөрүлдү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закировдун тапшырмасы менен имамдардын квалификациясын жогорулатуу боюнча иштелип чыккан программанын алкагында, Жалал-Абад облусунда окуу семинары өткөрүлдү. Иш-чара Манас шаарындагы «Аалым Мусулманкул ажы» атындагы жума мечитинде өтүп, облус аймагындагы дин кызматкерлери чакырылды.

Окууда конок лекторлор КМДБнын мечиттер боюнча адиси Мураталы кары Мамадияр уулу, “Имам Сарахсий” борбордук мечитинин имам-хатиби Абдулла кары Акбарали уулу, Бишкек шаарындагы Куран академиясынын мүдүрү Насрула кары Искендеров Куран тажвидинин мааниси, имамдын коомдогу орду, жалпы дин кызматкерлеринин билүүгө тийиш болгон эрежелер жөнүндө маалыматтарды беришти.

КМДБнын Жалал-Абад облусундагы өкүлү Нематулла ажы Жээнбеков, 7 район жана 4 шаардын баш имам-хатибдери, ошондой эле айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдары катышты.

Жыйында Муфтият тарабынан бардык мечит имамдарынын билимин системалуу жогорулатууга багытталган программа кеңири тааныштырылды. Программанын негизги максаты төмөнкүлөрдү камтыйт:

Курани Каримди тажвид эрежелерине ылайык туура окутуу;

Азанды так жана кооз айтууга үйрөтүү;

Имамдардын практикалык чеберчилигин жогорулатуу;

Коомго таасирдүү жана жоопкерчиликтүү дин кызматчыларын даярдоо.

Иш-чарада облус аймагындагы бардык имамдар бул программага сөзсүз катышуусу керектиги баса белгиленип, тиешелүү нускамалар берилди.

Маалыматка ылайык, долбоордун биринчи этабы эки айлык окутуу мезгилин камтыйт. Окутуунун жыйынтыгында дин кызматкерлери Куран жана тажвид эрежелери боюнча сынак тапшырышат.

Муфтият бул иш-чара өлкө аймагындагы имамдардын дин жаатындагы билим деңгээлин жогорулатууга багытталганын белгилейт.

Айта кетсек, иш-чаранын максаты имамдардын квалификациясын жогорулатуу болуп саналат. Бул саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун өлкөдө ислам маданиятын өркүндөтүү жана КМДБны өнүктүрүүгө багытталган 40 кадамдан турган стратегиялык иш-мерчеминдеги дин кызматкерлеринин билимин жогорулатууга багытталган пунктту ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп жатат.