«Дүйнөнүн эң жакшы байлыгы – салиха аял» (Муслим)
ЖАРЫЯ!
Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, курулуш объектилерин долбоорлоо жана сметалык документтерди даярдоо иштери үчүн лицензиясы бар смета түзүүчүлөрдү кызматташууга чакырабыз.
Талаптар:
1. Сметалык иштер боюнча Кыргыз Республикасында берилген жарактуу лицензиянын болушу;
2. Кеминде 3 жылдык тажрыйба;
3. Курулуш-сметалык нормативдерди жана ченемдик документтерди билүү (НСИ, ТЕР, ГЭСН, СНиП ж.б.);
4. Сметалык программалар менен иштөө көндүмдөрү (Grand Smeta, Smeta.RU же башка эквиваленттер);
5. Экспертизага ылайык сметаларды даярдоо, чыгымдарды негиздөө жана эсептөөлөрдү жүргүзүү жөндөмү;
6. Тактык, жоопкерчилик жана мөөнөттү сактоо талап кылынат.
Милдеттер:
• Курулуш жана капиталдык оңдоо иштерине сметаларды түзүү;
• Чыгымдардын жана баанын экономикалык негиздемесин жүргүзүү;
• Сметалык документтерди мамлекеттик экспертизанын талаптарына ылайык даярдоо.
Документтерди кабыл алуу: 2025-жылдын 13-ноябрынан 18-ноябрь, саат 17:00гө чейин.
Кошумча маалымат жана байланыш үчүн:
Телефон: 0(312)68-01-67
Уюлдук байланыш: +996 504 443 458
Email: : kg_muftiyat@mail.ru
Дарек: 720000 Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 264/3
ЖАРЫЯ!
Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык, курулуш объектилерин сапаттуу жана ченемдик талаптарга ылайык аткарууну камсыз кылуу үчүн техникалык көзөмөл жүргүзүүчүлөрдү (Технадзор) кызматташууга чакырабыз.
Технадзорлорго коюлуучу талаптар:
1. Лицензия:
• Курулуш-монтаждоо иштерине техникалык көзөмөл жүргүзүүгө укук берүүчү мамлекеттик лицензиянын болушу (Кыргыз Республикасынын Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген).
2. Билими:
• Курулуш, инженердик, архитектуралык же сметалык иш багытындагы жогорку кесиптик билимдин болушу (инженер-куруучу, архитектор, сметчик ж.б.).
3. Эмгек тажрыйбасы:
• Курулуш тармагында же технадзор катары кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасынын болушу.
4. Документтерди билүү:
• Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү ченемдик документтерди билүү: СНиП, ГЭСН, ТЕР, НСИ, ДБН, Техникалык регламенттер ж.б.
5. Жоопкерчилик жана көзөмөл жүргүзүү жөндөмү:
• Курулуш сапатын, долбоорлордун жана сметалардын туура аткарылышын көзөмөлдөй билүү.
• Актыларды, отчетторду жана долбоордук документтерди өз алдынча түзө билүү.
6. Документтердин топтому:
• Лицензиянын көчүрмөсү
• Диплом жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү
• Иш тажрыйбаны тастыктаган маалымат (резюме, келишимдер, сунуш каттар)
• Паспорттун көчүрмөсү
Документтерди кабыл алуу: 2025-жылдын 13-ноябрынан 18-ноябрь, саат 17:00гө чейин.
Кошумча маалымат жана байланыш үчүн:
Телефон: 0(312)68-01-67
Уюлдук байланыш: +996 504 443 458
Email: : kg_muftiyat@mail.ru
Дарек: 720000 Кыргыз Республикасы
Бишкек шаары, Жибек-Жолу проспекти 264/3