Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.
«Инсандар кулк-мүнөз жаатынан эң жакшысы – ыйман жаатынанан эң кемели болуп саналат» (Имам Ахмад риваяты)
Бүгүн, өлкө аймагындагы бардык жума окулуучу мечиттерде жума намазына келген жарандарга жол кыймылынын эрежелерин так сактоо, бири-бирине сый мамиле жасоо жана адам өмүрү Аллахтын ыйык аманаты экендиги тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Статистикалык маалыматтар боюнча акыркы жылдары жол кырсыктарынын кесепетинен миңдеген жарандар жабыркаса, жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылууда. 2025-жылдын 1-январынан 24-августуна чейинки мезгилде республика боюнча 5209 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 501 адам каза болуп, 7636 жаран ар кандай жаракат алган. Алардын арасында жаш өспүрүмдөр да бар: 1399 кырсык өспүрүмдөрдүн катышуусу менен катталып, 68 өспүрүм каза таап, 1657си жаракат алды.
Адистердин айтымында, жол кырсыктарынан жабыркагандардын көбү 20 жаштан 40 жашка чейинки эмгекке жарамдуу жарандар болуп эсептелет. Бул көрүнүш мамлекетибиздин келечегине жана үй-бүлөлөрдүн бакубат жашоосуна түздөн-түз терс таасир этүүдө.
Ошондуктан бүгүн мечиттерде имамдар жарандарды жолдо жүрүүдө эрежелерди так сактоого, сабырдуулук жана урмат көрсөтүүгө чакырып, адам өмүрүнө жеңил мамиле кылуу – чоң күнөө экендигин эскертишти. Анткени Пайгамбарыбыз ﷺ «Жараткандын алдында адам өмүрүнөн өткөн улуу ыйыктык жок» деп насаат кылган.
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коомчулукту адам өмүрүн сактоого, жолдо этият болууга, бири-бирине сабыр жана урмат көрсөтүүгө чакырат. Ар бир жаран жол эрежелерин так сактоо менен өз өмүрүн гана эмес, башкалардын да өмүрүн коргоого салым кошоорун унутпоосу зарыл.