Манас районунда «Экстремизмге жол жок» аталышындагы окуу семинары өткөрүлдү

Бүгүн, 30-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Покровка орто мектебинде мугалимдерге жана окуучулар үчүн «Экстремизмге жол жок» аталышындагы окуу семинары өттү.

Иш-чараны Манас районунун баш имам хатиби Миржалал Дадабаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага Талас облусунун казыятынын казысы жана казыят кызматкерлери дагы катышты.

Окуу семинары учурунда окуучуларга экстремизм жана терроризм, “суицид” тууралуу маалыматтар берилип, мектеп окуучулары тарабынан даярдалган видео ролик көрсөтүлдү.