«Акылдуу адам — өз напсисин көзөмөлдөп, өлүмдөн кийинки жашоо үчүн амал кылган адам. Алсыз адам болсо — напсисинин каалоолорун ээрчип алып, анан Аллахтан куру кыялдарды гана күткөн адам.» Термизий, 2459, Ахмад, 17164, ибн Маажа, 4260
Коом | 24.04.2025
  • |

Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер оозеки сынак тапшырышты

Кечээ, 23-апрель күнү КМДБнын жыйындар залында Аалымдар Кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлер үчүн баарлашуу түрүндөгү оозеки сынак өткөрүлдү. КМАКтын каттоо жана аттестациялоо комиссиясы уюштурган сынакта талапкерлер ислам илимдеринен; акыйда, фикх, фикх усулу, тафсир, хадис усулу, ошондой эле Баш мыйзам, жаңы кабыл алынган Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү мыйзам жана 2021-2026-жылдарга Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы боюнча билимдерин сынашты.
Айта кетсек, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын IX Курултайында 21 мүчөдөн турган Аалымдар Кеңешинин VIII чакырылышы бекитилет.