Бүгүн, 7-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Аммар бин Ясир» мечитинин жамааты кезектеги кайрымдуулук иш-чарасын өткөрдү. Бул ирет мечиттин айланасындагы жардамга муктаж 7 үй-бүлөгө 2000 сомдук азык-түлүк жардам катары ар бирине берилди.
«Ак Босого жаңы конушунда ар кандай сыноолор менен кыйынчылыкта жашап келе жаткан 7 үй-бүлөгө жардам берип келе жатабыз. Мечитибиздин атын атагысы келбеген кайрымдуу кишилери ар дайым жардам беришет. Башка мусулмандарды да ушундай кайрымдуу иштерди жасоого чакырып кетем»,- деди аталган мечиттин имам хатиби Махамадин ажы Разыков.
Мындай кайрымдуулук иштери Махамадин ажынын демилгеси менен бир нече жылдардан бери уюштурулуп келе жатат.